Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунун сметасы көбөйтүлдү

Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунун сметасы көбөйтүлдү. Бирок көп эмес, деп билдиришти 24 агенттигине БШКдан. Комиссия мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин айтымында, сумманын көбөйүшү 11 жаңы шайлоо тилкеси ачылганына байланыштуу.

 

Эки участок жабылды. Муну менен жергиликтүү кеңештерин шайлоо мамлекетке    425 миллион сомго айланат.

 

Бул буга чейин бекитилген сметага салыштырмалуу   3 миллион 230 миң сомго көп. Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт.