Бир жумадан кийин Бишкектин муниципалдык унаа токтотуучу жайлары акысыз болот. Бирок эс алуу жана майрам күндөрү гана. Бул тууралуу мэриядан эске салышты.
Ага ылайык, 1-сентябрдан тарта шаардык карамагына кирген парковкаларда ишемби, жекшемби күндөрү жана майрамдарда эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин унааларды акысыз токтотсо болот.