Бразилиялык жана германиялык эки жаш социалдык тармак аркылуу 20 күн сүйлөшүп, онлайн түрдө үйлөнүштү

Бразилиялык жана германиялык эки жаш социалдык тармак аркылуу 20 күн сүйлөшүп, онлайн түрдө үйлөнүштү. 39 жаштагы Синтия Араужо менен 45 жаштагы Тимо Арнштадтом социалдык тармак аркылуу кокустан таанышып калышкан.

 

Алар алгачкы таанышууда эле тил табышып, сүйлөшүү 2 саатка созулган. бири-бирин жакшы көрүп калгандыктан 24 саат бою камераларын өчүрүшкөн эмес.

 

Түгөйлөр онлайн баш кошкондон 4 күндөн кийин аэропорттон жолугушуп, ошол жерден бири-бирине нике шакегин тагышты.