Бирдиктүү депозиттик эсеп кезектеги ирет толукталды

Бирдиктүү депозиттик эсеп кезектеги ирет толукталды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги ага 8 миллион сом которду. Бүгүнкү күнгө карата эсепте 2 миллиард сомдон ашык топтолду.

 

Эске салсак, Бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ачылган. Ага коррупциялык кылмыштардан өндүрүлгөн каражаттар которулуп келет. Чогулган акча мектептерди курууга багытталат.