Жыл башынан бери чет мамлекеттерде иштеген мигранттар Кыргызстанга  1 миллиард 100 миллион доллар которду

Жыл башынан бери чет мамлекеттерде иштеген мигранттар Кыргызстанга  1 миллиард 100 миллион доллар которду.

 

Мындай маалыматты Улуттук банк берди.

 

Республикага которулган акчанын жалпы көлөмү былтыркы жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 31 пайызга же 261 миллион долларга өстү. Белгилеп кетүүчү нерсе, сумманын дээрлик 98 пайызы Россиядан келди.