Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары 1 миллиард 800 миллион долларды түздү

Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары 1 миллиард 800 миллион долларды түздү. Өтүп кеткен жылдын январь айынан ноябрга чейинки маалымат менен Улуттук банк бөлүштү.

 

Ага ылайык, ушул эле мөөнөт аралыгында өлкөдөн сыртка чыгарылган сумма 423 миллион доллардан ашкан. Акча которуулардын басымдуу бөлүгү адаттагыдай эле, Россиядан – 1 миллиард 66 миллион доллар.

 

Ал эми Россияга Кыргызстандан 350 миллион доллар жөнөтүлгөн.