Бириккен күрөш дүйнөсү балбандардын дүйнөлүк рейтингин жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү балбандардын дүйнөлүк рейтингин жарыялады. Ал Кытайда өткөн Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

 

Анда кыргызстандык спортчулар эркектер жана аялдар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча үч салмак категориясында лидер болушту.

 

Биринчи орундарга Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Айсулу Тыныбекова чыкты.

 

Азия оюндарында жеңишке жеткенден кийин Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга татыды.