Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын тургундары акысыз медициналык кароодон өткөрүлдү. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, көчмө клиниканын дарыгерлери 300дөн ашык адамды кабыл алды.
Аларга ар кандай ооруларга экспресс-тесттер жасалып, медициналык кеп-кеңештер берилди.