Бишкек — Баткен — Бишкек  багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар 7-февралдан тарта жанданат

Бишкек — Баткен — Бишкек  багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар 7-февралдан тарта жанданат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

 

Ата мекендик авиакомпаниянын учактары жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү учуп турат. Белгилеп кетсек, «Баткен» аэропорту аэродромдун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өткөн жылы  1-августта жабылган болчу.