Бишкектин айрым аймагында жарык өчтү.
“Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 6га чейин
Ахунбаев, Белорус, Жантөшев, Чокморов, Жаш Гвардия, Садырбаев,
Тоголок Молдо, Саадаев, Курчатов жана Щербаков көчөлөрүндө,
«Арча-Бешик», «Ак-Босого» жана «Дордой» конуштарында электр
энергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.