Дезинфекциялык туннелдер эми Ош шаарында пайда болду

Дезинфекциялык туннелдер эми Ош шаарында пайда болду. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, антисептикалык каражат менен камсыздалган аппараттар шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын кире беришинде орнотулду.

 

Милиция кызматкерлери жумушка кирер алдында дезинфекциялык туннелден өтүп турат. Буга чейин мындай аппараттар Бишкекте пайда болгон.