Индия TikTok тиркемесин колдонууга расмий түрдө тыюу салды

Индия TikTok тиркемесин колдонууга расмий түрдө тыюу салды. Маалыматка ылайык, Индияда эми TikTok жана башка дагы 58 тиркемени колдонууга болбойт. Анын себебин өкмөт тиркемелер өлкөнүн коопсуздугуна жана коомдук тартипке зыян келтирет деп түшүндүрдү.

 

TikTok  2015-жылы Кытайда ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө бул тиркеме социалдык тармактын колдонуучулары арасында популярдуу.

 

Акыркы эсептөөлөр боюнча, дүйнө жүзүндө TikTok колдонуучуларынын саны 700 миллиондон ашат