Түндүк-Түштүк трассасындагы тилкенин курулушун премьер-министр жеке көзөмөлүнө алды

Түндүк-Түштүк трассасындагы тилкенин курулушун премьер-министр Улукбек Марипов жеке көзөмөлүнө алды.

Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, Эпкин – Башкууганды тилкесинде иштеп жаткан куруучу компания менен

түзүлгөн келишим былтыр декабрда шарттар аткарылбаганынан жокко чыгарылган. Учурда жаңы тендер даярдалууда.

Марипов белгилегендей, унаа жана жолдор министрлигинин алдында иштерди тездетип жана аны убагында

бүтүрүү тапшырмасы турат. Аткаруу жоопкерчилиги ведомство жетекчисине тагылды.