Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү 2 миллиард 626 миллион долларды түзөт

Бүгүнкү күнгө карата Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү 2 миллиард 626 миллион долларды түзөт.

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, бул сумма өлкөнүн товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн импортунун келечектеги көлөмүнүн болжол менен 6 айын жабат. Белгиленгендей, Кыргызстандын валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу.