Бишкек мэриясы “Менин шаарым” уюлдук тиркемесин ишке киргизди. Бул автоматташтырылган система аркылуу шаардагы маселелер тууралуу арыз жөнөтүү жөнөкөйлөштүрүлүп, жооп алуу кыйла тез болот, — дешет муниципалитеттен.
Андан тышкары, тиркеме коомдук транспорттун кыймылы тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде көрсөтүп турат.
Белгилеп кетсек, соңку кездери Бишкекте таштанды, коомдук транспорт, абанын булганышы жана конуштардагы инфраструктурага байланыштуу сын-доомат күчөдү.