Кыргызстан жана Россия ортосунда 20 миллион долларга макулдашуу түзүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, министрлик үчүн атайын техника сатылып алынып, өлкөгө жеткирилет.
Жалпысынан, 100 даана өрт өчүрүүчү техника, 2 вертолет жана башка жабдууларды сатып алуу пландалууда. Ажикеев белгилегендей, ошондой эле, Кытайдан 6 көчмө госпиталь жана өрткө каршы жабдуулар келмек, бирок коронавирус пандемиясынан улам, техниканы жеткирүү процесси кийинки жылга калтырылды.