Бишкек мэриясы универсалдуу унааларды сатып алат

Бишкек мэриясы универсалдуу унааларды сатып алат. Транспорт каражаттары өтө чоң эмес болуп, тротуарларды дагы тазалоого ылайыкталган. Учурда ордо калаада мындай машинелердин 4 даанасы бар.

 

Азырынча, техника качан алынып келинет, белгисиз. Кошумчаласак, аталган универсалдуу унаалар шаар аймагын жыйнап-тазалоо боюнча бир топ жумуштарды аткарууга шарт түзөт.