Кыргызстандын ички дүң продукциясы ушул жылы 513 миллардды түздү.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык,
бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 5 пайызга көбөйдү.
Комитеттен билдиришкендей ички дүң продукциянын өсүшү, негизинен, өнөр жай,
курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн эсебинен болду.