Соцфонд жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомго жеткен ишкерлик үчүн камсыздандыруу төгүмдөр боюнча тарифтерди төмөндөтүүнү сунуштады

Соцфонд жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомго жеткен ишкерлик үчүн камсыздандыруу төгүмдөр боюнча тарифтерди төмөндөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Бактияр Алиев билдирди.

 

Анын айтымында, чендерди төмөндөтүү кызматкерлердин санына жараша болот, жарактуу мөөнөтү – 3 жыл. Бул жеңилдиктер мамлекет тарабынан каржыланган компанияларга жана мамлекеттин үлүшү  51 пайыздан ашкан уюмдарга берилбейт.