Бишкекте жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу жана оңдоо иштери башталды.
Буга байланыштуу айрым жолдордо кыймылга чектөө киргизилди, — деп билдиришти “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан.
Бүгүнтөн тарта Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров — Кулатов тилкеси тосулат. Оңдоо иштеринин жүрүшүндө жол астындагы жылуулук түтүктөрү толугу менен жаңысына алмаштырылат. Андан тышкары, жылуулук тарма гын калыбына келтирүү жумуштары Гоголь көчөсүнүн темир жол Москва тилкесинде жүргүзүлүүдө.