Жыл башынан бери өлкө аймагында жол эрежесин бузган айдоочулар бюджетке 170 миллион сом айып төлөштү

Жыл башынан бери өлкө аймагында жол эрежесин бузган айдоочулар бюджетке 170 миллион сом айып төлөштү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жалпысынан 372 миң 240 жол эрежесин бузуу фактысы катталган.

 

Алардын көбү мас абалында унаа башкаруу, жол белгилерине баш ийбөө, документтери жок рулга отуруу, терезелерди мыйзамсыз караңгылатуу жана башкалар.