Кыргызстанда транспорт үчүн мамлекеттик номерлердин жаңы түрү пайда болот

Кыргызстанда транспорт үчүн мамлекеттик номерлердин жаңы түрү пайда болот. “Токтом” сайтындагы маалыматка ылайык, жашыл түстөгү номерлер электр кубаты менен жүргөн унааларга тагылат.

 

Транспорттун бул түрүнүн ээлерине министрлер кабинети тарабынан бекитилген жеңилдиктер берилет. Анын ортосунда чет элдик жарандарга, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана эл аралык уюмдарга тиешелүү электромобилдерге жашыл номерлер берилбейт.