Бишкектеги мейманкада чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкектеги мейманкада чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Жумабек көчөсүндө жайгашкан конок үйүндө чыккан жалын кечки саат 11ге жакын чектөөгө алынып, түнкү 1де толугу менен өчүрүлгөн.

 

Тилсиз жоону басууга 6 атайын техника тартылды. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.