Бишкек – Ош жолунда кышкы дөңгөлөгү жок унааларга жүргүнчү ташууга тыюу салынды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чектөө 2023-жылдын 1-майына чейин күчүндө болот.
Тиешелүү чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо максатында кабыл алынды.