Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн-эртең күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу аталган аймактардын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Мындан улам жарандарга арыктарды, суу түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо сунушталат.