Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.
Чүй электр ишканасынын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Элебесов, Фере, Ибраимов, Жумабек, Шопоков, Фрунзе көчөлөрүндө, 6-кичи райондо, Алтын-Ордо, Төмөнкү Ала-Арча конуштарда, Гроздь, Байтик, Кара-Жыгач, Сокулук, Жаңы Пахта, Новопокровка айылдарында, Токмок, Кемин шаарларында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.