Бишкек көчөлөрү кардан тазаланууда

Бишкек көчөлөрү кардан тазаланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, “Тазалыктын” 665 кызматкерлери түндөн бери шаар көчөлөрү жана тротуарларындагы карды жыйнап жатат. 35 атайын техника тартылды.

 

Таңга чейин 419 тонна техникалык туз себилди. Кар тазалоо боюнча арыздар 1840 жана 1850 кыска номурларына кабыл алынат.