“Бишкек жолдорунун көчө тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында иштер жакында башталат

“Бишкек жолдорунун көчө тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында иштер августтун экинчи жарымында башталат.

 

Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Уезбаевдин айтымында, тендерде биринчи фазаны ишке ашырган кытайлык компания жеңүүчү аталган.

 

Иштер Кытай келишимге кол койгондон кийин башталат. Эске салсак, экинчи фазанын алкагында ордо калаада 60 көчө оңдолуп, 5 көпүрө курулат.