Кербен шаардык кеңеши үч жолу тең мэр шайлай алган жок. Мындан улам депутаттарды таратуу өтүнүчү менен президентке кайрылуу жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Борбордук шайлоо комиссиясынын Аксы районундагы жана Таш-Көмүр шаарындагы өкүлү Казыбек Шадыбеков билдирди.
«БШК Кербен шаардык кеңешин таратып, кайра шайлоо дайындоо тууралуу президентке кат жиберди», — деди Шадыбеков.
Кербен шаарынын мэрин шайлоо алгач 7-июнга белгиленип, бирок кворум жоктугунан өтпөй калган.
21-июндагы шайлоодо жалгыз талапкер Медет Айдаралиев талапкерлигин алып койгондуктан шайлоо токтогон.
5-июлдагы мэр шайлоодо Айбек Атамкулов талапкер болгон, бирок кворум жоктугунан шайлоо өткөн эмес.
Кербен шаардык кеңешинде 31 депутаттык орун бар.