Кыргызстанда обсервация катары 11 миң 961 орун даярдалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди.
Анын айтымында, обсервацияларда жаткандардын тамак-ашына республикалык бюджеттен 10 миллион 277 миң сом бөлүнгөн. 23-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 631 адамдан аныкталды. 302 адам оорудан айыгып чыкты. Учурда стационарда 321 бейтап жатат.