Бирдиктүү салык декларациясын 70 миңден ашык адам тапшырды.
Мамлекеттик салык кызматы юридикалык жактар 1-мартка чейин, жеке жактар 1-апрелге чейин отчет бериши керектигин эскертет.
Документтерде өткөн жыл ичинде алынган кирешелер, чарбалык ишмердүүлүк, мүлк жана жер тилкелери жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.