Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды

Өлкөдө бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды. Мамлекеттик салык кызматынан маалым болгондой, ал ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт.

 

Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер анын ичинде патент менен иштегендер, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар декларацияны тапшырууга милдеттүү.

 

Эске салсак, юридикалык жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү кечээ аяктады.