Бишкекке электробустарды сатып алуу демилгесин парламенттин эл аралык иштер, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жактырды

Бишкекке электробустарды сатып алуу демилгесин парламенттин эл аралык иштер, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жактырды. Макулдашууга ылайык, бул максатта Азиялык банк 60 миллион доллар бөлүп берет.

 

Сумманын бир бөлүгү насыя болсо, калганы кайтарымсыз негизде тапшырылат. Дагы 9 миллион долларды министрлер кабинети бөлүп берүү ниетинде. Эми документ парламент отурумунда каралышы керек.

 

Эске салсак, бул каражатка ордо калаа мэриясы  120 электробус сатып алууну пландап жатат.