“Социалдык келишим” долбоору жакынкы арада өлкөнүн башка аймактарында дагы ишке кирет

“Социалдык келишим” долбоору жакынкы арада өлкөнүн башка аймактарында дагы ишке кирет. Бул тууралуу бизге Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

 

Анын айтымында, сыноо иретинде Кадамжай жана Жумгал райондорунда ишке киргизилген долбоор ийгиликтүү болуп, максатына жетүүдө – аз камсыздалган үй-бүлөлөр жакырчылыктан чыгып баштады.

 

Андыктан, министрлик бул долбоорду башка региондорго дагы жайылтуу ниетинде. Эске салсак, аталган долбоордун алкагында аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жеке ишкерлик үчүн 100 миң сомдон берилген.