Түндүк-түштүк альтернативалык трассасындагы туннель жана көпүрө аркылуу өтүш үчүн айдоочулардан акы алынат

Түндүк-түштүк альтернативалык трассасындагы туннель жана көпүрө аркылуу өтүш үчүн айдоочулардан акы алынат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

 

Учурда тарифтер бекитиле элек, анткени, аталган трасса 1,5-2 жылдан кийин гана жалпы колдонууга берилет. Эске салсак, Түндүк-түштүк альтернативалык жолу кредиттик каражатка салынып жатат. Андыктан, аны акылуу кылуу чечими кабыл алынган. Тарифтердин механизми кийинчирээк иштелип чыгат.