Ордо каланын бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт.
“Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 5ке чейин Кулиев,
Павлов, Чымкент, Жумабек, Рыскулов көчөлөрүндө, Арча-Бешик жана Ак-Ордо
конуштарында электр энергиясы жок болот. Электриктер турак жай ичиндеги
тармактарды, зымдарды жана башка пландуу иштерди жүргүзүү менен алектенет.