Бишкекке Санкт-Петербургдан 165 жаран кайтарылды

Бишкекке Санкт-Петербургдан 165 жаран кайтарылды.

Бул учак менен Россиядагы студенттер, боюнда бар аялдар жана

саламаттыгы начар жарандар жеткирилди. Ошондой эле каттам аркылуу

коронавирус менен күрөшүүгө кесиптештерине жардам берүүгө үч кыргызстандык

дарыгер келди. Андан тышкары Ленинградда жана Санкт-Петербургда жашаган

мекендештер аймактарга жардам катары дары-дармектерди жөнөтүштү.