Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү уланууда

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул ирет жер колдонуу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери 4-кичи райондогу сулуулук салонунун курулушун алышты.

 

Ал тиешелүү документтери жок эле тургузулганы аныкталды. Андан тышкары, Абдрахманов-Киев көчөлөр кесилишинде тосмо алынды. Бул жатта ишштер дагы уланат, — дешти мэриядан.