Бишкекке жаз календарь менен кошо келет

Бишкекке жаз календарь менен кошо келет. Синоптиктердин маалыматына ылайык, катуу суук ордо калаада бүгүн жана эртең сакталат, ал эми эс алуу күндөрүнөн тарта күн жылып баштайт.

 

1-мартта Бишкекте аба табы +7 градуска чейин көтөрүлөт. Жаздын алгачкы айында жаан-чачын норманын тегерегинде болот. Ал эми 8-март, майрамда күн ачык болуп, жагымдуу аба-ырайы турукташат. Түнкүсүн температура мамычалары  +5, күндүз +15 градусту көрсөтөт.