Бишкекте 25-апрелден баштап дагы 8 көчөдө оңдоо иштери башталат.
Мэриянын маалыматына ылайык, кеп, Кулатов, Чортеков, Баба-Ата, Архитектор,
Жолон, Шералиев, Гидростроительная жана Центральная көчөлөрү тууралуу болуп жатат.
Калыбына келтирүү иштерине байланыштуу жекшембиден тартып унаалардын кыймылына
маалым менен чектөөлөр киргизилет. 1-майдан тартып көчөлөр толук жабылат. Эске салсак,
иштер “Жол тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлөт.