Баткенде аткезчиликке каршы атайын топтор түзүлөт

Бүгүн, 7-октябрда Баткен облусундагы Орто-Боз айыл аймагында аткезчиликке каршы күч органдары жана чек арачылардан турган атайын топторду түзүүгө байланыштуу жыйын өттү.

 

Ага президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын Баткен аймактык бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Төлөнбаев, ички иштер органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү эл катышты.

Жыйынга Тажикстандан аткезчилик менен жүзүм ташып келе жатып кармалган кыргызстандык айдоочуларды алып келишип, алардын аракетин бийлик өкүлдөрү сынга алды.

 

6-октябрда Баткен районунун Жаңы-Бак аймагында Тажикстандан 22 тонна жүзүм ташып келаткан жети автоунаа кармалган. Алдын ала божомол боюнча жүзүмдүн баасы 3 млн. 650 миң сом деп эсептелүүдө.

 

Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аткезчиликтин жолун бууш үчүн элдик кошуун, ички иштер органдарынын өкүлдөрү жана чек ара кызматынын өкүлдөрүнөн турган атайын топторду түзүп, өткөрмө бекеттерди уюштурууну сунуштады.

 

Апрель айынын соңунда чек арадагы жаңжалдан кийин жергиликтүү эл арасында коңшу өлкөгө аткезчиликти токтотуу талабы күчөгөн. Мыйзамсыз аракетти көзөмөлдөө үчүн атайын элдик кошуун түзүлгөн. Бирок эл арасында аткезчилик токтобой жатканы айтылып келет.

  • 8-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. Кыргызстан коңшу өлкө менен чек арасын бир тараптуу жапкан.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат. Талаштуу тилкелердин дээрлик бардыгы калк жыш жайгашкан аймактар. Анда жашаган эки эл өз ара соода алакасын жүргүзүп келген.