Тажикстан жана Афганистандагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ведомство маалыматына ылайык, 21-июнда Тажикстанга тогуз, Памирге төрт унаага жүктөлгөн ун, жууркан, тазалык каражаттары, күрүч, май жана медициналык каражаттар жөнөтүлдү.