Бишкекте №59 мектептин жаңы корпусун куруу уланууда. Мэрия маалыматына ылайык, имарат 150 окуучуга чакталат.
Бүгүнкү күнгө карата иштер 70 пайызга аяктап калды – ички жана сырткы жасалгалоо, эшик-терезелерди орнотуу жана сантехникалык жумуштар аткарылды.
Учурда корпусун айланасын көрктөндүрүү жана эмеректерди орнотуу жүрүүдө. Ал эми курулуш иштери толугу менен 1-сентябрга чейин аяктайт.