Бишкекте бүгүн футбол беттешине байланыштуу бир нече көчө кыймылга жабылат

Бишкекте бүгүн футбол беттешине байланыштуу бир нече көчө кыймылга жабылат. Кайгуул милиция башкармалыгынын маалыматына ылайык, чектөөлөр күндүзгү саат 4төн түнкү 11ге чейин киргизилет.

 

Тоголок Молдо, Чүй, Фрунзе, Исанов, Панфилов көчөлөрүн бириктирген бөлүк тосулат. Андыктан, тыгындарды жаратпоо үчүн айдоочуларга башка каттам түзүп алуу сунушталат. Белгилеп кетсек, бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан – Сингапур курамалары беттешет.