Бишкекте 700 даракка «медициналык карталар» берилди

Бишкек шаарында 700гө жакын дарак электрондук базага киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 378и «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын балансында турган «жашыл өсүмдүктөр». Ыктыярчылардын жардамы жана күжүрмөн эмгеги үчүн бүгүн ишкананын башкы агроному ыраазычылык билдирип, ыраазычылык каттарын тапшырды.

«Эми 700 жашыл дарактын саны, жайгашкан жери, түрлөрү, сугаты жана абалы жөнүндө маалыматтар киргизилген «медициналык карталары» бар. Бул программанын алкагында ишкананын кызматкерлери аларды багуу жана дарылоо үчүн керектүү болгон каражатты алдын ала эсептей алышат«, — деп айтылат маалыматта.

 

Эске салсак, «Эмен» сейил багында биринчи жолу электрондук инвентаризация жүргүзүлө баштаган, алгачкы жүз эмен дарагы саналып бүткөн. Бүт процессти «Арча» коомдук фондунун координатору жана ишкананын башкы агроному көзөмөлдөшкөн.