Бишкекте айланасын кардан тазалабаган мекемелерге айып салынат

Бишкек мэриясы 8-декабрдан 11-декабрга чейин шаардагы имараттардын айланасын кардан жана муздан тазалоо боюнча рейд жүргүздү. Анын алкагында 200дөн ашык мекеме-уюм боюнча 48 буйрук чыкты.

 

Мэрия бардык министрлик менен ведомстволор, ишканалар, соода борборлору, дүкөндөр, күркөлөр жана башка уюмдар имаратынын жанындагы аймактарды кардан жана муздан тазалоого милдеттүү экенин эскертет.

 

Болбосо Укук бузуулар кодексинин 114-беренесине ылайык айып салынат. Мисалы, калктуу конуштагы аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо – эскертүүгө же жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.