Бишкектеги ооруканага бомба коюлганы тууралуу кабар түштү

13-декабрда Бишкек шаарындагы №2 ооруканага бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ооруканадагы бейтаптар менен кызматкерлер эвакуацияланып жатат.

 

Маалыматка ылайык, алар оорукананын жанындагы Кыргыз улуттун консерваториясынын имаратына жайгаштырылууда. Министр Алымкадыр Бейшеналиев эвакуациялоо иштерин көзөмөлдөп жатканы айтылды.

 

Буга чейин жайдан бери Бишкектеги бир катар мектептерге, жогорку окуу жайлардын имаратына жана мамлекеттик мекемелерге бомба коюлганы тууралуу кабар түшкөн. Бир күндө борбор калаанын беш жеринде, анын ичинде Жогорку соттун, Ленин райондук сотунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имараттарында бомба коюлганы кабарланган окуялар болгон. Маалымат тастыкталган эмес.

 

УКМК жалган маалымат тараткан жарандардын бир нечеси кармалганын билдирген.