Коррупция жөнүндө кабарлаган жарандар акчалай сыйлык алат

Коррупция жөнүндө кабарлаган жарандар акчалай сыйлык алат.

 

Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, ведомство укук коргоо жана прокуратура органдары менен биргеликте мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

 

Ага ылайык, коррупциялык аракеттер тууралуу билдирген кыргызстандыктар өндүрүлгөн материалдык зыяндын 10 пайызына ээ болушат. Каражат тиешелүү сот чечими чыгарылгандан кийин берилип турат.