Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өзгөчө абал режими аяктагандан кийин дароо белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу 24 агенттигине Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.
Анын айтымында, шайлоо кампаниясы токтотулган жеринен улантылат. Эске салсак, 5 шаарда жана 25 айылдык кеңеште шайлоо 12-апрелде өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясынан улам, добуш берүү токтотулган болчу. Шайлоого катышууга 22 саясий партия арыз берген.