Курман айт күнү ордо калаада коомдук унаалар токтотулбайт

Курман айт күнү ордо калаада коомдук унаалар токтотулбайт.

Мэриядан билдиришкендей, эртең коомдук унаалар башка жумушчу күндөрдөй эле

эртең менен саат 7ден 10го чейин, кечинде 5тен 9га чейин каттайт. Автобус, троллейбус жана

маршруттук автобустар ишемби, жекшемби күндөрү гана каттамга чыкпайт. Белгилеп кетсек,

Курман айт майрамы 31-июль, жума күнгө туш келип, Кыргызстанда эс алуу күнү деп жарыяланды.